
Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абадда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Сардар Машарипов сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Ал 2-февраль күнү шаардагы соода маркеттеринин биринде өнөкөт оорусу кармап калган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калган.
Сыйлыкты тапшырып жатып Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Кудайбердиев кызматкердин жасаган эрдиги мактоого татый тургандыгын белгилеп, жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга кошкон зор салым катары баалаган.
Оставьте первый комментарий