Чек ара чырында жабыркагандарга кенемте төлөнбөй жатат. Зыян 84 млн. сом деп бааланды

Сүрөт: "Интербилим"

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайы жабыркаган жарандарга ушул күнгө чейин кенемте төлөнбөй жатат. «Интербилим» коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева билдиргендей, мамлекет өрттөнгөн үйлөрдү тургузганы менен үйдүн мүлкүн компенсация кылган эмес.

Мамасалиеванын айтымында, облусттук жарандык коргонуу комиссия жалпы жоготуу 401 миллион 717 миң 79 сомду түзгөнүн эсептеп чыккан. Ал эми тонолгон мал-мүлктүн зыяны — 132 миллион 32 миң 303 сом. Бирок мамлекет ушул күнгө чейин келтирилген чыгымдын бир тыйынын төлөп берген эмес.

«128 үй өрттөлүп, 163 үй тонолгон. Мал-жан уурдалып кеткен. Ушунча үй-бүлө такыр жайдак калышкан. Эл мамлекет салып берген жылаңач үйгө эле киришти. Жергиликтүү бийлик толук чыгымды 1 миллиарддан ашык деп эсептеп жатат. Бул сумманын ичине жарандарга салынган үйлөрдөн сырткары социалдык обьектилер, экономикалык багыттагы ар кандай кенемтелер кошулган. Ооба, алар инфраструктураны калыбына келтирди, жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөдү. Бирок жаңжалда элдердин өрттөлгөн үйүнөн сырткаркы зыяны башка болуп жатпайбы. Бийлик үйдү, үйдүн ичин жана жоголгон мал-жанды, машиналарын компенсация кылыш керек эле».

Уюмдун кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ былтыр декабрдын аягында Баткенге барып, чек ара жаңжалында жабыркаган жергиликтүү тургундардан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Баткен районунун Көк-Терек айылынын жашоочулары малга-мүлккө болгон кенемтелерди бүгүнкү күнгө чейин ала албай карызга батып жүрүшкөнүн айтып нааразы болушкан.

«Компенсацияны төлөп берсе короолорубузду тосуп, калган иштерибизди бүтүрүп алат элек. Аны бере турган болсо эл да көчүп келет эле», -дейт айыл тургуну Жусупбек Маматов.

«Сарайда үч саан уюбуз бар эле. Малды 300 миң сомго бир адамдан насыяга сатып алган элек. Тополоңдо уурдатып жибердик. Үйлөрүбүз ремонту жок, уулубузду үйлөшүбүз керек. Малдарды көбөйтүп, ушул кем-керчибизди бүтүрсөк деген ниетибиз бар эле да. Насыя берген адам «төлөгүлө» деп шаштырганынан дагы башка бирөөдөн акча алып берип кутулдук. Тиешелүү жерлерге барып көйгөйүбүздү айттык. Бирок эч ким укпады. Кайра-кайра айта-берип акыры сүйлөгүбүз да келбей калды. Чоңдордон маселебизди чечип беришин суранат элек», — дейт айылдын дагы бир тургуну.

Куралдуу жаңжалдан жабыркагандардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да бар. Максат айылынын тургуну Максатай үч балалуу жалгыз бой эне. Анын эң кичине баласынын майыптыгы бар. Жаш келин эч жерде иштебегендиктен 15 миң сом жөлөк пул менен гана күн көрөт. Чыр-чатак учурунда Максатайдын баласынын операциясы үчүн чогултуп жаткан каражаты да уурдалган.

«Азыр да тынч жашоо жок. Ар бир күнүбүз коркуу менен өтүп жатат. Терезени улам-улам ачып айлананы карап турабыз.Чынын айтканда тажадык. Баламы тиешелүү жактарга көрсөткөнгө акча жок отурабыз. Күчтүүрөк врачтарга алып барып көрсөтүш керек болуп атат». 

Лейлек менен Баткендеги зыян — 84 млн. сом

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өткөн жылдагы куралдуу жаңжалда жабыр таркандардын санын комиссия тактап бүткөнүн «Т-Медиага» билдирди. Анын маалыматында, Лейлек жана Баткен районундагы жарандардын жалпы зыяны 84 млн. сомду түздү. Облус башчысы аларга жакын арада компенсация төлөп берүү каралып жатканын кошумчалады.

«Чек арада болгон окуядан улам элдердин үй-мүлктөрү, сарайлары талкаланып, мал-жандыктары, машиналары уурдалган фактылар катталган. Райондук деңгээлдеги комиссия түзүлгөн. Лейлек райондук жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала эсеби боюнча, 154 киши зыян тарткан. Жалпы чыгым 59 млн. деп айтылды. Ал эми Баткен району боюнча, элдин жалпы зыяны 25 млн. Комиссия ар бир үйгө кирип, алардан «Эмнеңер бар эле? Эмнени уурдап кетишиптир?» деп сурап, кол койдуруп алышкан. Жыйынтыгында комиссия эки райондун зыяны 84 млн сом тегерегинде деп облустук администрацияга эсеп беришкен. Бул боюнча бүгүн түштөн кийин (ред-8-февраль) район акимдери жана башка тиешелүү жетекчилер менен бирге жыйын болот».

Алимбаев компенсация төлөп берүү боюнча Министрлер кабинетине сунуш берилгенин, азыр Каржы министрлиги ушунун үстүндө иштеп жатканын белгиледи. Бирок төлөнүүчү каражат ар бир жарандын колуна берилбей, эсеп ачылып, ошол жака которулмай болууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Келтирилген чыгымды үч башка комиссия иликтеген. Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик эсептеп чыккан 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянды бекиткен эле.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*