Ош шаарынын быйылкы жылга бюджети 118%га көп бекитилиши мүмкүн

Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджети 1 млрд. 600 млн 510 миң сом өлчөмүндө бекитилмей болууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 118 пайыз көп. 

Бүгүн, 8-февралда Ошто калаа бюджетинин долбоору коомдук угууга коюлду. Андагы маалымат боюнча, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү былтыркыдан 242 млн 810 миң сомго көбөйгөн. Бул жылы эң көп каражат турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү тармагына бөлүнмөй болууда. Аталган тармакка 559 млн 737 миң сом каралган.

Анын ичинен:

  • Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына – 122 млн. 450 миң сом;
  • «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга – 71 млн. 99 миң сом;
  • Жарандарды тейлөө борборуна – 9 млн. 137 миң сом;
  • Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 13 млн. 305 миң сом;
  • Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 93 млн. 745,4 миң сом;
  • Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 250 млн. сом сунушталууда;

Ошондой эле билим берүү тармагына 2022-жылга 403 млн. 500 миң сом;

  • Экономикалык маселелер тармагына 239 млн. 605,3 миң сом;
  • Эс алуу, спорт жана маданият тармагын каржылоого 92 млн. 249 миң сом;
  • Социалдык коргоо тармагына болсо 20 млн. 924 миң сом бөлүнө турган болууда.

Бул жолу коомдук угууга айрыкча калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрү арбын барган. Алар жергиликтүү бийликке калаадагы тротурарлардын жана пандустардын жоктугу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өзүн өнүктүрүүчү борборлордун аздыгын айтып, шарт түзүү талабын коюшту.

«Биз Ош шаары инклюзивдүү шаар болушун каалайбыз. Шардагы бардык кызматтар бир эле мүмкүнчүлүгү чектегендерге эмес, бардык жарандарга жеткиликтүү болушу керек» — дейт «СМАЙЛKG» коомдук фондунун жетекчиси Ларица Кузнецова.

Жергиликтүү бийлик коомдук угууда айтылган баардык сунуш-пикирлер эске алынат деп убадалады. Мындан сырткары бөлүнгөн каражаттар көзөмөлгө алынып, ачык-айкын иш алынып барыла турганын билдиришти.

«Тротуарларда мүмкүнчүлүк чектелгендер эмес, жөнөкөй адамдарга деле басыш кыйын. Мэр 3-4 жолу комиссияга чыгып көзөмөлдөп көрдү. Жол башкармалыгы 190 миллион сом сумма болсо тротуарлар 70-80% бүтүп калат деп эсептеп чыгышыптыр. Быйыл көбүрөөк көңүл буруп, кошумча булактардан да тартып бүтүргөнгө аракет кылабыз» — деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев.

Маалыматка караганда бюджеттин өскөнү салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө  байланыштуу. Шаар бийлиги 2023-жылга Ош шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 млрд 630 млн 200миң сом өлчөмүндө деп пландоодо.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*