Шайлоодо иштен алынган ОшМУнун деканы сотко кайрылды

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаев шаардык сотко кайрылды. Ал кызматын калыбына келтирүүнү өтүнүп жатканын «Т-Медиага» билдирди. 

Муратбаев кызматтан четтетилгенин мыйзамсыз деп эсептейт. Аны менен кошо кызматтан четтетилген ректор Кудайберди Кожобеков жана үч мугалим кызмат ордуларында кайтканын жүйөө кылып, өзүнүн ордуна кайтпаганына даттанган.

«13-январда  Ош шаардык сотуна арыз жазгам. 25-январда биринчи отурум болду. Бүгүн экинчи процесс болду. Бул жерде мени «шайлоого түздөн-түз буйрук берген» деп күнөөлөп атышпайбы. Бирок иш милицияда да, сотто да каралып, менин фамилиям аталган эмес. Ал жерде үч мугалим баарын мойнуларына алып, «декан жооп берген эмес. Биз өзүбүз алып кеткенбиз» дешти. Бүгүн алар акталып, 20 миңден айып пул төлөп жумуштарына кайтып жатышат», -дейт ал.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы отурум 11-февралга жылдырылганын билдирди.

Буга чейин аталган факультеттин бир нече окутуучусу  биздин редакция кайрылышкан. Алар Муратбаев кызматына кайтууга аракет жасап жатканын айтышып, анын келишине каршы болушкан. Окутуучулар мурдагы деканды «коррупциялык иштерге айыптап, анын кайтып келүүгө моралдык укугу жок» дешүүдө.

Муратбаев бул дооматтар негизсиз экенин айтан.

«Мага каршы болуп жүрүшкөн бир канча окутуучу бар. Бул ошолордун иши болсо керек. Мен айткам, эгерде далилдериңер болсо, соттотуп жибергиле деп. Жалпылап айтканда, ал айтылган дооматтар негизсиз».

Аталган маселе боюнча ОшМУнун финансы бөлүмүнүн башчысы Замир Пусуртегин комментарий берип,  Муратбаевдин кызматка кайтканы тууралуу азырынча эч кандай чечим жоктугун айткан. Бул иш учурда сотто каралып жатканын кошумчалаган.

«Үч мугалим боюнча сот иштери териштирилип бүттү. Алардын эмгек тартипти бузгандыгы жөнүндө университеттин тартипттик комиссиясы иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары факультет жетекчилигинин да жоопкерчилиги каралууда. Комиссиянын чечиминен кийин окумуштуулар кеңешинде каралат. Ошондуктан мурдагы декан жумушка кайра кайтканы боюнча кандайдыр бир чечимдер жок. Иш сотто каралып жатат жана алар аркылуу кандайдыр бир чечимдер болот. Же болбосо окумуштуулар кеңеши тарабынан чечилет», -деген Пусуртегин.

Эске салсак: Бакыт Муратбаев былтыр ноябрда  парламенттик шайлоо учурунда студенттердин үгүт иш-чарага катышканына байланыштуу кызматтан четтетилген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, декан Бакыт Муратбаев жана дагы үч окутуучу кызматтан алынганын билдирген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*