Адахан Мадумаров парламентте Ураимовдун кармалышы боюнча маселени козгоду

Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан лидери Адахан Мадумаров УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен Мирлан Ураимов боюнча пикирин айтып, укук коргоо органдарынын ишин сынга алды.

«УКМК же милиция болобу, түндө барып баса калган адатын токтотушса. Күндүзү эле барып, жакшына сурашып келсе болот го. Түндө барып, бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыраткандын эмне кереги бар? Ураимов бир жака качып кетеби же ал күчтүү террористпи? Ал качпайт, кетпейт эч жакка. Суракка чакырса убагында барат. Ушул практиканы токтотпойсуңарбы! Же бул бир кишинин мисалында башкаларга ишарат берүүбү, коркутуубу? Түн киргенде барып баса калып кармаган практикага качан келип калдык? Кыргызстанда мындай болчу эмес эле го. Өзүнүн пикирин айтып койгон кишини жасалма жол менен баса калган болбойт. Ураимовго тагылып жаткан күнөөлөрдүн бир да пайызы жукпайт», — деди Мадумаров.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен шектелип кармалганын маалымдады. Активист социалдык тармактарда «чагымчыл материал тараткан» деп айыпталууда.

Мирлан Ураимовдун партиялаштары 8-февралда анын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан. Ошондой эле күч органдары Ураимовдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

Ал коомчулукта Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*