
Жогорку Кеңештин 9-февралдагы отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү демилгеси көтөрүлдү.»Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Байсаловду тартипке чакыруу маселесин көтөрүп, анын Жогорку Кеңеш тууралуу айткан пикирлерин сынга алды.
«Депуттарды мыскылдап, шакабалап, кемсинтип сүйлөгөнгө ага ким уруксат берди? Кандай акысы бар? Биз депутатпыз. Ушул жерде отургандардын алды 25 миң добуш алып келди, арты 7000 добуш алды. Эгер, кыйын болсо депутат болуп келбейт беле? Бир да жолу шайланган эмес. Эгер, талапкерлигин койсо 100 добуш алат. Эч ким аны сыйлабайт, урматтабайт. Байсаловду чакырып тарбиялык иш алып барып, айтып койбойсуңарбы. Чыгып алып эле кылыбыз кыйшайбайт, кылым кыйшайбайт. Акылыбыз көп. Өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров» дейт. Билебиз Акылбек Жапаровдун кандай акылдуу экенин. Байсаловдун деңгээли аны циркке директор кылып коюш керек. Аны да башкара албайт. Эдил Байсаловго «биз элдин өкүлүбүз» деп эскертип коюушубуз керек экен. Керек болсо Конституцияны өзгөртүп койгонго укугубуз бар».
Эдил Байсалов 2-февралда «Марал FM» радиосуна маек курган. Анда ал Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында тажрыйбалуу депутаттар бар экенин, бирок жалпы курамы сапатсыз экенин айткан.
Кийин Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын-дооматты талкуулашкан. Байсалов алар бул маселеде өз ара түшүнүшкөнүн жана анын кыргызча маегинин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калганын айткан.
Оставьте первый комментарий