«Кактус Медиадагы» чек ара боюнча чыккан маалыматка экспертиза дайындалды

«Кактус Медиа» басылмасына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу чыккан маалымат боюнча экспертиза дайыналды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында билдирди. 

Зулушевдин маалыматында сайтка коюлуп жаткан айып далилденсе тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат. Учурда Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ишти териштирип жатат.

“Экспертиза чыгаруу үчүн токтом даярдалган. Жообу бүгүнкү күндө алына элек. Ал жерде “Кыргызстан биринчи ок атты” деген маалымат болгон. Чек ара боюнча эки өлкөнүн ортосунда олуттуу маселе бар. Журналистпи, жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби мыйзам бузса жооп бериши керек. Бизде сөз эркиндигин чектөө оюбуз болгон эмес”- деди Зулушев.

27-январда кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды чагылдырууда «Кактус Медиа» сайты тажикстандык ASIA-Plus басылмасынын материалын которуп, кайталап (перепечатка) жарыялаган.

Басылма бул материалды көчүрүп жарыялоодо кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүүнү максат кылганын айтып, окурмандарынан кечирим сураган.

Бирок, 28-январда аталган сайттын Тажикстан менен болгон чек арадагы окуяларды чагылдырганына нааразы болгондор редакциянын кеңсесине чогулушкан. 1-февралдан тарта бул иш тергеле баштады.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*