
9-февралга карата Кыргызстанда коронавирус 97 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 53 киши.
Ошондой эле Ош шаары менен Нарын, Ош облустарында бирден учур, Чүйдө 23, Талас жана Баткенде үчтөн, Жалал-Абад облусунда беш, Ысык-Көлдө жети учур катталды.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 714кө жетти, 2913 адам каза болуп, 191 миңден көп киши сакайып чыкты.
Ушул күндөрү 684 бейтап ооруканаларда, 2883 адам үйүндө дарыланууда.
Оставьте первый комментарий