
Кара-Суу районундагы № 83 Алишер Новои мектебинин мугалими 8-класстын окуучусунун бутун сындыра тепкени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен мугалим И.У.га Кылмыш жаза кодексинин 131-берененин 2-бөлүмүндөгү 3-пунктуна (денеге атайылап оор эмес зыян келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду. Учурда шектүүгө айыбы угузулуп, бөгөт чарасы катары эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынды.
Эске салалы: 26-январда дене тарбия мугалими (ал өзү мектеп директору да болгон) сабак учурунда окуучуну сабакка катышуусун талап кылып, бутуна тепкен. Андан баланын тизеси сынганы айтылат. Мындан улам окуучу ооруканага түшкөн. Ал эми мугалим мектеп директору болгондуктан өз арызын жазып, иштен кеткени кабарланган.
Январь айында мындан сырткары Чүй облусунда окуучу менен мугалимдин ортосундагы кайым айтышкан видео тараган. Ал чырдан кийин мугалим иштен кеткени коомчулукта катуу сынга алынган.
Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы баласы ур-токмокко алынган ата-энелерден арыз түшпөгөнүн билдирген. Тескерисинче, мугалимдердин ата-энелер тарабынан сабалганы боюнча арыздар бар экенин айтат.
Оставьте первый комментарий