Салык төлөөчүлөр январдан кийинки отчетторун бирдиктүү формада тапшырышы керек

Бардык салык төлөөчүлөр үстүбүздөгү жылдын 1-январдан кийинки отчеттук мезгил үчүн ай сайын киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду FORM STI-161 бирдиктүү формада бериши керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Жаңы эрежелерге ылайык, салык төлөөчүлөр ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен, киреше салыгы боюнча отчетту берүүгө милдеттүү.

Маалыматка караганда, мурда эсептешүү ведомостторун жана киреше салыгы боюнча отчетторду ар кандай салык органдарына тапшырган төлөөчүлөр мындан ары соцфонддун каттоо номерин алдын ала жаап, киреше салыгы боюнча отчет берилүүчү жер боюнча каттоодон өтүшү керек.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 1-январга чейинки отчеттук мезгил үчүн баштапкы жана такталган эсептешүү ведомостун тапшырса болот.

Салык кодексинин 102-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен салык отчетун берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*