УКМК Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маалымат берди

Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматка караганда, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материал тараткан» деген шек менен 8-февралда кармалып,  атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК жарандарды социалдык тармактарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, Конституцияга каршы чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырды.

Мирлан Ураимовдун партиялаштары 8-февралда анын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан. Ошондой эле күч органдары Ураимовдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

Ал коомчулукта Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*