
Автоунаалардын алдыңкы эшиктериндеги терезелерди акча төлөп караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү чаралары камтылган мыйзам долбоору 9-февралда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Документкке 77 депутат «макул», алты эл өкүлү «каршы» добуш берген.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын депутат Дастан Бекешев «Твиттер» баракчасына жүктөдү.
Результаты голосования по законопроекту за платную тонировку ⬇️ pic.twitter.com/l9K5nhjsz3
— Дастан Бекешев (@bekeshev) February 9, 2022
Долбоордо айдоочуларга 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп унаанын терезесин караңгылатып алууга уруксат берүү сунушталган. Мыйзамды бүгүн парламенттин жыйынында талкуулап жатып, депутат Руслан Жакышов анын наркын түшүрүү керек деди.
«Эмненин негизинде караңгылатуунун наркы 30 миңден 50 миң сомго чейин деп белгиленген? 5 миң долларлык унаа айдаган адам кантип 50 миң сом төлөйт? Элди бай жана кедей кылып бөлүп саласыңар го. Наркын кайрадан карап чыгып, 10 миң долларга чейинки унаага 10 миң сомго эле караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн бергиле»,– деген Жакышов.
Былтыр июнда Министрлер кабинети автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатуу сунушун колдогон. Бул долбоор республикалык бюджетти салыктык эмес кирешелердин эсебинен көбөйтүү максатында даярдалганы айтылган. Буга чейин параментте жана өкмөттө дагы автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушу көтөрүлүп, тиешелүү долбоорлор даярдалган.
Азыркы мыйзамдарга ылайык, айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга 5,5 миң сом айып пул салынат. Бир жыл ичинде бул эрежени бузгандар айдоочулардын саны 2700дөн 3000ге чейин болгон.
Оставьте первый комментарий