
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун наркологиялык борбордо текшерүүдөн өтүп жаткан видеосу социалдык тармактарга тарап кеткени үчүн эки милиционер жазаланды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда басма сөз жыйынында билдирди.
«Жарандардын жеке жашоосуна көз салуу туура эмес деп эсептейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деди Зулушев.
Башкы прокурор ошондой эле Temirov Live редакциясынын кызматкеринин интимдик видеосунун жарыяланышы боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы иш алып барып жатканын кошумчалады.
22-январдын кечинде Temirov LIVE ютуб-каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.
Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта ага карата «адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү», «журналисттерди коркутуу» деген сындар айтылган.
Оставьте первый комментарий