
Насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен 8-февралда «Айыл Банктын» үч жооптуу кызматкери — Ш.У.Ж., С.М.А. жана А.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Шектүүлөр атайын кызиматтын убактылуу кармоочу жайына камалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция»беренеси менен айып коюлду. Маалыматкак караганда, 2017-жылы «Айыл-Банк» ААК «Россиф» ЖЧКсына күрөөнү жасалма көбөйтүп 3,5 миллион доллар (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берип, мамлекетти зыянга учураткан. «Россиф» ишканасы банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталган.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
Оставьте первый комментарий