Нарматова: бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк агент» макамын берели

Надира Нарматова/ Сүрөт: "Т-Медиа"

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк агент» деген макам берүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жалпы жыйынында билдирди. 

Эл өкүлү парламенттин бешинчи чакырылышында аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун өзү баш болгон бир нече депутаттар сунуштаганын белгилеп, аны кайра карап чыгууну өтүндү.

«Тилекке каршы, акыркы мезгилде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар турдүү багытта ызы-чуу салып, тынчтык бербей келет. 5-чакырылышта комитеттеги экинчи окуудагы каралган мыйзамды кайра көтөрүп чыгууга протоколдук тапшырма берсеңиз. Ошол мыйзам долбоорунун авторлорунан азыр мен гана депутат болуп келдим. Эгер, каалоочулар болсо кошулгула, чет өлкөлүк агенттер деген макамды бербесек, өлөдө тынчтык болбойт экен. Мен айткан маселе боюнча кайдыгер эмес инсандар, ошол эле Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Маталиев жана аларды коштогон патриот уул-кыздар биригишип, бейөкмөт уюмдардын коомго  тийгизип жаткан натыйжалары боюнча кечээ пресс-конференция беришти, мага да кайрылышты. Жогорку Кеңештин депутаттарына, төрага сизге жеткирип коюшту суранышты», -деди Нарматова.

2021-жылы июль айында президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзам долбооруна кол койгон. Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу. Документте коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болору жазылган. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Мыйзам долбоор жарандык коомдун сынына кабылган.

Документ экс-президент Сооронбай Жээнбеков тушунда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*