Ош шаардык кеңеши ОшТВны мэриянын балансына өткөрүүгө макул болду

ОшТВ телеканалы. Сүрөт: "Т-Медиа"

ОшТВ телеканалы мэриянын балансына өттү. Мындай чечимди бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңеши кабыл алды.

Шаардык кеңештин 10-февралдагы кезексиз жыйынында биринчи вице-мэр Марс Исаев телеканалды мэриянын балансына өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинен кат келгенин билдирди. Өкмөт мунун себебин Мамлекеттик мүлк фонду жоюла турганы менен түшүндүргөн.

«Мамлекеттик жана муниципалдык органдар жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө жарандардын маалыматын жогорулатуу максатында ОшТВны мэриянын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Министрлер кабинетине кат жолдогон. Демилге колдоо таап, токтом чыккан. Бирок мыйзамдын талабында Ош шаардык кеңешинин макулдугу менен гана өткөрүлсүн деген жери бар. Ошондуктан маселени бүгүнкү жыйынга алып чыктык», -деи Исаев.

Депутат Нуркыз Кадырбекова «телеканал муниципалдык менчикке өтсө журналисттердин сөз эркиндигине доо кетпейби?» деген суроо салды. Исаев мэрия ОшТВнын кадр саясатына кийлигишпейт деп ишендирди.

Жыйынтыгында 35 депутат, «макул»  төртөө «каршы» деп добуш берди.

ОшТВ телеканалы Ош шаарында жайгашкан. Мекеме республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Учурда телекомпания мамлекетке таандык жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан башкарылат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*