Ошто «Йакын Инкар» агымынын мүчөлөрү кармалды

Араван районунда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын эки тобу кармалды. Алар мыйзамсыз үгүт насаат иштерин жүргүзүп жүргөн.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Йакын-Инкардын» катарына жаңы кошулган жана мындай иш боюнча мурда соттолуп жазасын алган Аравандын төрт тургуну райондун аймагында үгүт насаат иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Булардан сырткары кыймылдын Кадамжай жана Ноокат райондорунан келген дагы төрт жаңы мүчөсү бул топко Араван районунун аймагын кошуу максатын көздөп, жашыруун пропагандалоо аракеттерин алып барышкан.

Топтолгон материалдар боюнча Жазык кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүмү менен төрт кылмыш иши козголду. Анын ичинен эки факты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аягына чыккандыктан соттук кароого жиберилген. Азыркы учурда Ош облусунун аймагында диний экстремизм, терроризм жана улут аралык чыр чатактардын алдын алуу жана алардын мыйзамга каршы аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш чаралары улантылууда.

«Йакын инкар» диний агымы — «Таблиги жамаат» уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн «пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз» деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган. Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*