
Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору (О.С.М.) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине шек саналып кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Атайын кызмат мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктаган.
«Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Оставьте первый комментарий