Апрелде мамкызматкерлердин маянасын жогорулатуу пландалууда

Министрлер Кабинети апрель айында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатууну пландап жатат. Бул тууралуу премьер министр Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди. 

Акылбек Жапаровдун айтымын 2023-жылы тышкы карыздын белгилүү өлчөмү төлөнөт. Мындан улам, бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарыл.

«Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек. Биз өтө жооптуу мезгилде турабыз, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнөт. Биз буга даяр болушубуз керек», — деген Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өткөн жылы өлкөдө жөлөкпул жана айрым кызматкерлердин маянасы жогорулаган. Ошондой эле, экономиканы көтөрүү үчүн 19-январда жаңы Салык кодекси ишке кирген. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*