
Кыргызстанда 12 — февралга карата коронавирус 81 кишиден жаңы аныкталды. Оорудан бир суткада 265 бейтап сакайып, төрт жаран каза болду.
COVID-19 илдетинин жаңы каталган учурлары: Бишкекте — 41, Чүйдө — 34, Ош облусунда — 2, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 1, Баткенде — 1. Инфекция Ош шаарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында аныкталган жок.
Өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери 199 971 киши коронавирус жуктурду. Анын ичинен 192 497 жаран сакайып, 2924 бейтап көз жумду.
Учурда дарыканада 553, үйдөн 2439 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий