Ош-Исфана жолунун курулушу 2023-жылы аяктайт

Ош – Исфана унаа жолу 2023-жылы толук пайдаланууга берилиши керек. Бул тууралуу “Ишеним” фракциясынан депутат Эмилбек Жусупов “Парламент” радиосуна берген маегинде айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызмат билдирди. 

Парламенттин «Ишеним» жана «Ынтымак» парламенттик фракциясынын депутаттары 3 — февралда Ноокат районунда көчмө жыйын өткөргөн. Анда Баткен — Ош — Бишкек батыгын байланыштырган жолдун абалын көрүп келишкен.

Жолдун Ноокат районуна туш келген тарабы тургундарды кабатыр кылып жаткандыктан, Жусуповдун Транспорт министрлигине кат жолдогон. Мекеме депутатка унаа жолу 2023-жылы пайдаланууга берилишин билдирген.

«Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен 2015 – жылдын 26 – октябрында кол коюлган келишим боюнча аталган каттамдагы жол 2018 – жылы башталып, 2023 – жылы толук пайдаланууга берилет, — деп көрсөтүлүптүр” – деген депутат.

Ош – Исфана жолунун курулушу 2018-жылы башталган. Өлкөдө пандемия башталган убакта иш токтоп калган. Быйыл жумуш кайрадан улантылганы жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*