Сот шайлоодо иштен алынган ОшМУ деканынын арызын канааттандырды

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаевдин кызматы калыбына келтирилди. 

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы шаардык сот декандын жумушун калыбына келтирүү боюнча доо арызын канааттандырганын «Т-Медиага» билдирди. Чечим кечээ, 11-февралда чыккан. 

Бакыт Муратбаев былтыр ноябрда  парламенттик шайлоо учурунда студенттердин үгүт иш-чарага катышканына байланыштуу кызматтан четтетилген. Аны менен кошо ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, дагы үч окутуучу иштен алынганын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Муратбаев өзүнүн кызматтан четтетилгенин мыйзамсыз деп эсептеп келген. Ал тергөөдө өзүнүн аты аталбаганын айтып, жумушун калыбына келтирүү үчүн 13-январда шаардык сотко кайрылган. Буга чейин, декан менен бирге жумуштан алынган ректор Кудайберди Кожобеков жана үч окутуучу кызмат ордуларына кайткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*