250 млн. сомдук грант алынууда. Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоорунун экинчи этабы уланат

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери
Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча талаштуу долбоордун экинчи баскычын улантат. Курулушту баштоого Дүйнөлүк банк грант түрүндө 250 миллион сом ажыратат. Бул тууралуу «Т-Медиага» биринчи вице-мэр Марс Исаев билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин курулуштун сметалык баасы 470 миллион сомго бааланган. Бирок Дүйнөлүк банк 250 млн сом гана ажыратмак болгондуктан долбоор кайра иштелип, толуктоо киргизилип жатат. Исаев экинчи этапта Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн Навои көчөсүнө чейинки 2,5 километр аралыкта иштер жүрөрүн айтты. Курулуш күздө башталары пландалууда.

«Экинчи этапты ишке ашырууга 470 миллион сомго смета түзүлгөн экен. Бирок Дүйнөлүк банк 250 млн. сом гана бөлө турган болуп, «долбоорду дагы бир карап чыккыла» деген сунуш берди. Ошондуктан баштапкы сумманы азайтканы жатабыз. Себеби дарыянын эки четин бетон менен тосмок болгон экен. Ага көп сумма керек. 25-январда шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда талкуу өткөргөнбүз. Жыйынтыгында долбоордун курулушу табыгый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашуусу керек деп сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды. Мэрия долбоорлоо компаниясына «ушул боюнча жана 470 млн. сомду азайтууну карап чыккыла» деп сунуш берди. Бул ирет курулуштун каражатын АРИС көзөмөлдөйт. Тендерди өздөрү өткөрүп, жеңүүчү компанияны да алар тандайт. Мэрия каржы иштерине аралашпай, сунуш гана берип турат»,  -дейт Исаев.

Ак-Буурадагы курулуш

Ак-Буура дарыясындагы ири курулуш былтыр пандемия учурунда башталган. Ал мурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовдун жеке демилгеси болуп эсептелет.

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү долбоорун тендерден «Капитал Курулуш» ЖЧКсы уткан. Компания расмий түрдө ошол учурда Кыялбек Мадишов, Канатбек Кадаев жана Баялы Апсаттаров атуу үч адамга катталган. Апсаттаров муну менен эле кошо ишкер «Кыргыз Каганат» ЖЧКСынын Оштогу филиалынын жетекчиси. Анын негиздөөчүсү «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.

Ак-Буурадагы ири курулуш эки жыл аралыгында ишке ашырыла турган болгон. Анын жалпы баасы 251 млн 893 миң 814 сом. Бул Ош шаарынын бюджетинин төрттөн бир бөлүгү.

Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Алмаз Мамбетов Ак-Буурадагы курулушту улантып, аягына чыгара турганын буга чейин журналисттерге курган маалымат жыйында билдирген.

Ак-Буура дарыясынын оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Курулуштун 1-этабында Вахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки 1300 метр аралыкты бүтүрүү каралган. Экинчи этабында Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн Абдыкадыров көчөсүнө чейинки 1600 метр аралыкта иштер жүрөт. Үчүнчү этабындагы оңдоо иштери 2500 метрди түзөт.

Ош мэриясына козголгон кылмыш иши

Былтыр сентябрда УКМК Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгон деген шек менен Ош мэриясына кылмыш ишин козгогон. Бирок кайсы кызматкерлердин үстүнөн иш козголгону ачыкталган эмес.

Атайын кызматтын маалыматында факты боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2021-жылдын 13-февралында катталган.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*