«T-Mедиа» журналистикага кызыккан студенттерди акысыз окутууга кабыл алат

Сүрөт: T-Media/Наргиза Анарбай кызы

«T-Mедиа» келечектеги журналисттерде универсалдуулукту калыптандыруу жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу максатында тренингдер сериясын жарыялайт. 

Окутуу катышуучуларды өз алдынча мультимедиялык материалдарды даярдоо, телесюжет, фактчек жасоого үйрөтүү үчүн акысыз түрдө өткөрүлөт.

Кимдер катыша алат?

Журналистикага кызыккан жана өз алдынча материал даярдоону үйрөнгүсү келген ОшМУнун 2-4-курсунун студенттери.

Окутуу февраль айынын соңу, март айынын башында башталат.

Катталуу үчүн шилтеме: https://bit.ly/3GMI0BE

Катышуучулар окутуу соңуна ТВ, сайт же соцтармак үчүн өз алдынча материал даярдоого милдеттүү. Бул материалдар ОшМУнун «Үмүт» медиа борборунун платформаларына, «T-Mедиа» сайтына жарыяланат жана ТMG телеканалынан көрсөтүлөт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*