Бишкек шаардык соту Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасында билдирди.  

Ал эми соттон азырынча маалымат бериле элек.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен иштешкен акын Болот Назаров 23-январга караган түнү кармалып, ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Кийин ИИМ аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдаган.

Медиа коомчулук Болот Темировдун кармалышын «сөз эркиндигине түздөн-түз басым» деп баалоодо

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*