Президент Бишкек-Кара-Балта жолун жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы реконструкцияланган жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

«Мамлекет башчысы бул долбоорлорду ишке ашыруу автоунаалардын жол жүгүн азайтып, жарандар үчүн өлкөнүн борборуна кирип-чыгууда ыңгайлуулукту жогорулатарын баса белгиледи. Ал заманбап эл аралык стандарттарга ылайык унаа жолдорду сапаттуу куруу жана реконструкциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*