Бакыт Төрөбаев: ЕАЭБдин алкагындагы келишимдер аткарылбай жатат

ЕАЕБдин алкагындагы келишимдер аткарылбай жатат. Товар жүргүзүү, жумушчулардын күчү, капиталдын жүрүшү, кызмат көрсөтүүдө да чектөөлөр болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бакыт Төрөбаев айтты. 

Депутаттын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБдеги эки министри бул жаатта иштеши керек болчу.

«Биздин ЕАЭБде эки министрибиз бар. Алардын бири бажы тармагында иштейт. Алар кызматы жок болгондо аябай кооз сөздөрдү сүйлөшкөн эле. Кантип иштешти, эмне кылыш керекпи айтышкан эле. Азыр эми бул көйгөйлөрдү көтөрүшү керек. ЕАЭБдин алкагындагы келишимдерди дагы карап коюшубуз кажет. Мына жакында эле Казакстанда биздин ишкерлерге тоскоолдук болду. Россияда мигранттарга чектөөлөр болуп жатат. Капиталга чектөө бар. Кызмат көрсөтүүгө да чектөөлөр коюлуп жатат. Биз качанкыга чейин кыйнала беребиз. Келишимдерди карап чыгыш керек. Ачык айтканга убакыт келди», — деди Бакыт Төрөбаев.

Эске салсак, Максат Мамытканов 2021-жылдын июнь айында ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалган.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*