
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматында бул өлкөдөгү жалпы студенттердин 35%дан ашыгын түзөт.
Чет өлкөлүк студенттердин 59 миңи же 71%ы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөн келген. Алардын саны акыркы беш жылда жети эсеге көбөйдү.
Ошондой эле, ЖОЖдордо Өзбекстандан келген студенттердин саны өстү. 2017-жылга салыштырмалуу чет өлкөлүк студенттердин ичинен коңшу Өзбекстандан келгендердин үлүшү 10%дан 90%га чейин жогорулаган.
Ал эми Казакстандан келип окуган студенттер тескерисинче азайып жатат.
Чет өлкөлүк студенттердин санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келгендер арасында да байкалууда. Алардын саны акыркы беш жылда 6 миңден 19 миңге көбөйүп, үч эсеге жогорулады.
Бул өлкөлөрдүн арасынан эң көп студент Индиядан келет. Бирок акыркы беш жылда алардын үлүшү кыскарып, Пакистандан келгендер көбөйө баштаган.
Оставьте первый комментарий