Алагушов: Кыргызстанда сөз эркиндиги бар болчу. Бирок азыр абал курч

Кыргызстандагы басма сөз жана сөз эркиндиги, буга байланыштуу акыркы окуялар жана журналисттик укуктук аспектилер боюнча медиа юрист Акмат Алагушов менен маектештик.

Учурда өлкөдөгү сөз эркиндигин кандай баалап жатасыз?

— Сөз эркиндиги Кыргызстанда бар болчу, бар болот деп ойлойм. Бирок азыр кырдаал өзгөчө аябай курч. Болот Темиров боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. «Кактус» медианын  журналистерин баштап редакторлорун баш кылып суракка чыкырышты. Бул эми чынын айтканда бийликтин коомго ооз эки айтканы башка, жасаган иштери башка болуп жатканы. Азыркы учурда эч кимге айып тагыла элек. Болгону күбө катары сурап жатышат. Андан ары кандай болот? Ким билет? Чынын айтканда мындай окуялар юристтерге  эмес баардык адамдарга эле түшүнүктүү болуп турат. Кандай жагынан алып караганда да эч кандай пропаганда жок болуп атпайбы.

Телеканалдардын 50%ы ата-мекендик жана өздүк контенттерди толтурушу боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул ишке кирип калса кандай болушу мүмкүн?

— Мыйзам долбоор боюнча 65% коюп жатышат. Азыркы убакта 50% өзгөчө Бишкектеги телеканалдарды алсак көбү 90% аны аткарбай жатышат. 65ти койсо Бишкектеги телеканалдар менен жыйын өткөрүп, акылдашыш керек. Алар буга аябай эле көп каражат, күч керек экендигин айтып жатышат. Анткени  мыйзамдын бир топ эле таасири тиет. 

Бул мыйзамга сын көп айтылууда. Айрымдар аталган мыйзам аркылуу бийлик көз карандысыз телеканалдарды ооздукто деп дагы баалашууда? 

— Ким билет? Андай болушу да мүмкүн. Азыркы жаңы мыйзамга толуктоо киргизеби айтыш кыйын. Чындыкка дал келбеген маалымат боюнча мыйзам кабыл алып коюшуп, жобо азыркыга чейин жок. Мыйзам чыга элек. Бирок мен ойлоп жатам жобо чыкпай калды го деп. Анткени бул мыйзамды негизи башында кабыл алганда эле иштебегендей кабыл алып коюшкан.

Орус тилдүү каналдарда да орус тилинде контент жасашы керек болуп калбайбы?  Аларга бул мыйзам кандай болот?

— Баары бирдей эле иштеш керек. Бирок алар бул мыйзамга кирбей турат. Биздин өкмөт Россия менен  келишимге кол койгон. Бул келишим 2023-жылга чейин коюлган. Эгер алар кайра кол коюшпаса, бул келишим  иштебей калат. Мыйзам иштеп калыш керек. Биздин контент, улуттун контенти жок. Анда бул канал өз алдынча жабылыш керек же башкача иштеш керек болот. 

Бул мыйзам аймактагы телеканалардарга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? 

— Көпчүлүгү котормого кетип жатат. Көзөмөл кылган маданият министрлигин, алардын адистерин  чакырып ошолор менен акылдашып, сураш керек эле да. Азыркы убакта ошол эле соц тармактагы баракчаларды окудук, уктук, нааразычылыктар аябай көп. Өткөндө мыйзам долбоордун кемчиликтери бар экенин Эдил Байсалов деле айтты. Кайра карап чыгыш керек. Азыркы учурда бул мыйзам барабы же өзгөрүүлөр болуп, кайра сунушталабы белгисиз. 

Журналисттер биригип өздөрүнүн сунушун берүү пландары болуп жатабы?

— Негизи 50%, 60%, 70% жасабай деле койсо болчудай. Көп телеканалдар жеке менчик. Себеби алар өздөрүн каржылайт. Биздин бийликтегилер Казакстан, Россиянын телеканалдарын мисал келтирип көп айтышат. Бирок алар телеканалдарына каражат бөлөт да. Алардыкы белгилүү. Ошондуктан алардын өздөрүнүн контент, сериалдары көп чыгат. А бизде болсо мурун 10 чактыдай твлар болсо, азыр 50гө жакындап калды. Мамлекеттик каналдар аз да болсо бюджеттен алып жатышса, жекелерде андай жок да. Мамлекеттик каналдар рекламадан да бул жактан да алышат. А бул жерде да жеке телеканалдарда андай эмес. Негизи баары тең болуш керек. Мамлекеттик твларда рекламанын пайызы жок дегенде жарым болуш керек. Жеке менчик каналдарга көбүрөөк түшөт ошондо. Бул математика баары эсептүү. Анализдеп мониторинг жүргүзүш керек.

Ошондо жеке менчик каналдарга жеңилдип кылып түзүп бериш керекпи?

— Мамлекеттен каржылоо болуп, конкурстарды жарыялаш керек.

Айрыкча аймактагы көз карандысыз каналдар мыйзам долбоор ушундай иштеп калса, мындан  чыга турган жолдор барбы? Каналдар биригип, контент алмаштырыш керекпи?

— Албетте. Эл деле баарын көрө бербейт.

Мурда Россиянын каналдарын сатып алып көрүп келсе, ал каналдарга төлөнүп турган. Кайсы мыйзамдын негизинде? 

 — Көрүп аткан телеканалдарды биз карап жатабыз. Алардын бизде иштеп жаткандарында өзгөчө мыйзам жок. Бул келишим 2023-жылга чейин кол коюлган. Убактысы келгенде өкмөт башчысы кол койобу же  койбойбу мен айта албайм. Биз мониторинг жүргүзгөндө ошол каналдардын көрсөткүчү жогору болгон. Ошондуктан кээ бирлери айтып жатат бизге кереги жок деп. Мунун баарын кайрадан карап чыгыш керек. Көп болсо бир жылдай убакыт калды. Кайрадан мониторинг кылып элден сурашы керек. Ким көрүп атат? Канчалык мунун кереги бар? Бизделе түшүнүп атабыз көпчүлүк маалымат ал жактан келген бир тараптуу маалыматтар болуп жатат. Ошондуктан баарын караш керек, изилдеш керек.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*