
Ош шаарынын ички жолдорунун 70 пайызы мындан 40 жыл мурун төшөлгөн. Азыр тамтыгы чыгып, оңдоого муктаж болуп турат. Быйыл жергиликтүү бюджеттен жолдорду жаңылоо үчүн 165 миллион сом каражат каралды. Бирок анын 54 миллиону былтыркы карызды жабууга берилет.
Жергиликтүү казынадан жолдор башкармалыгына бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйтүлүп келет. Бирок эмнегедир оңдолгон жолдор көп өтпөй кейиштүү абалга кептелүүдө. Шаардык кеңеш башкармалыкка бөлгөн каражатты 2019-жылы 23 миллиондон 84 миллионго кескин көбөйттү. Андан бери дагы жогорулап отуруп, акыркы беш жылга салыштырмалуу быйыл жолду жана белгилерди оңдоого эң көп каражат каралып жатат. Сумма 2017-жылдагыдан 150 миллион сомго көп.
Бирок мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов бул акча бардык жолду оңдоого жетпей турганын билдирүүдө.
«Бардык арыздарды эсептесек 4-5 миллиарддын тегерегинде каражат керек болуп калып жатат. Анан ага болгону 150 млн бөлүнөт. Бул жетпейт» — деди Пирматов.
Акча каякка жумшалды?
Төмөндө мекеменин берген маалыматына карап акыркы беш жылда кызматкерлердин эмгек акысы, жол белгилерин оңдоо жана камераларды техникалык камсыздоодон сырткары каражат болжолдуу каякка сарптоо үчүн суралганын иргеп көрдүк. Маалыматка ылайык мекеме жыл сайын чуңкурларды жамоого миллиондоп акча жумшайт.
2017-жылы Ош шаардык жолдор башкармалыгына 15 млн сом бөлүнгөн. Ал каражаттын бир жарым миллиону эмгек акыга кеткен. Ишкана кышында жолду тазалап, тейлөөгө бир миллион сом жумшаарын айткан. Ошондой эле, жол белигелерин оңдоо, жол чырактарды орнотуудан тышкары эң көп каражат чуңкурларды жамоого бөлүнүп, 4 миллион сом кеткен.
2018-жылы мекеме шаардагы Атабаев, Жусубалиев көчөлөрүн асфальттоо жана Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-боюу көчөсүнө чейин жөө жүргүнчүлөргө көргөзмөсү менен көпүрө курууга 8 миллион короткон. Ал эми чуңкурларды жамоого 2 миллион сом каражат бөлүнгөн.
2019-жылы эң көп акча Аскар Шакиров көчөсүн реконструкциялоого жумшалган. Ага 48 миллион сом бөлүнгөң. Ошондой эле, бул жылы мекеме 10 миллион сомго шаар жолдорун жамаган. Калаадагы жол сызыктарын боёк жана термопласт менен сызууга 5 миллион, жаңы конуштарды шагылдоого 2 миллион сом сарпталган.
2020-жылы шаарга үн чыгаруучу жол чырактар коюла баштап, ага 1 миллион сом суралган. 2019-жылда башталган Аскар Шакиров көчөсүн реконструкциялоодогу кредиттик карыздарды төлөөгө 25 миллион сом коротулган. Андан тышкары Калаадагы Мамажан, Жусубалиев, Жоробеков, Эсенжанов, жана Гүлбар-Төлөйкөн айылынын көчөлөрү асфальттоодо алынган карыздарды төлөөгө дагы 10 миллион бөлүнгөн. Ошондой эле, 7 миллинон сомго мекеме асфальт тегиздөөчү техника сатып алынган. Бул жылы насыядан сырткары тротуар куруу, асфальттоо иштерине 25 миллион сом бөлүү каралган.
2021-жылы Ошто «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү башталып, жол сызыктарын сызып, белгилерин оңдоого 11 миллион сом бөлүнгөн. Андан мурунку жылдагы карыздарды төлөөгө дээрлик 8 миллион сом кеткен. Жогоруда айтылган 2020-жылдагы асфальт төшөлгөн жолдордун бүтпөй калган жерлерине 10 миллион сом сарпталган. Жолдордун чуңкурларын жамоого дагы 8 миллион бөлүнгөн. Жол асфальттоого былтыр эң көп акча кетип, 38 миллион сом коротулган.
Ошентсе да экономикалык талдоочулар жолдорго бөлүнгөн акчалар максаттуу пайдаланылбай жатат деген пикирде. Айрымдары жолдор башкармалыгы тендерди токтотуп, өздөрүнүн балансында цемент чыгаруучу завод ачпаса, жолдор оңдолбойт дейт.
«Жылда бөлүнгөн акчаны эсептесек, шаардын бардык жолдорун оңдоого жетмек. Бир жылда чуңкурларды эле жамап коюп, ал кайра эле мурунку абалына келип отуруп көп каражат коротуп жатабыз. Мен каражат жетишпей жатат дегенге ишенбейм. Болгону тендер өткөргөн учурда өтө чоң коррупциялык схемалар болуп жатат. Ошол схемаларды жок кылып, пландуу иш алып бармайынча бил жолдорду оңдой албайбыз» — деди экономикалык талдоочу Эрлан Камалов.
Жолдор башкармалыгы буга чейин шаардын ички көчөлөрүндөгү 531 км жолдун, 300 киллометри оңдоого муктаж экенин билдирген. Ош шаарынын жолдорун түп тамырынан жаңылоо боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан чоң долбоорлор байма-бай жазылып келет.
Оставьте первый комментарий