
Россиянын Тюмень, Калуга облустарында жана Ханты-Мансийск автономиялык округунда чет өлкөлүк эмгек мигранттарын соода, транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөсүнө тыюу салуу кыргызстандыктарга эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Ошондой эле, аталган аймактарда кыргызстандыктар жумушка алынууда баш тартууларга кабылган болсо элчиликке кабарлоосу керек.
«Россиянын иш берүүчүлөрүнүн Кыргызстандын жарандарын Россиянын бул үч облусунда ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болгон учурда, аракеттерди көрүү үчүн Элчиликтин kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүнү суранабыз», — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Мүчө -мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында, ушул келишимде белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, өз мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү орнотпойт жана колдонбойт» деп айтылган.
Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеште бир нече депутаттар Орусиянын айрым облустарында эмгек мигранттары курулуштан башка жумуштарда иштөөгө тыюу салган жана ар үч ай сайын медициналык кароодон өтүү тууралуу уйрук чыгарганын айтып, тынчыздануусун билдиришкен.
«Орусияда жаңы мыйзам мигранттарга оорчулук жаратууда. Миңден ашуун киши медициналык кароодон өтүш үчүн кезекте турат. Анын баасы 6 миң рубль, квартал сайын өтүп туруш керек экен. Биздин президент дагы Орусиянын мамлекет башчысына кайрылса. Мигранттар ал жактан такыр эле кетиш керекпи же алар Орусиянын жарандыгын алыш керекпи, ачык эле сүйлөшүү керек. Андай болсо эки жарандуулук боюнча маселени алар дагы макул болсо макулдашуу түзөлү. Бул өтө чоң көйгөйдү жаратып жатат» — деген Дастан Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бир гана мигранттар эмес, соода, акча жүгүртүү, жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) келишимдери иштебей жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштаган.
Ушул эле мигранттар маселесин депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Жусупбек Коргонбай уулу да көтөргөн.
Алар бул маселени парламент төрагасы Талант Мамытовдун жакында боло турган Орусия сапарында көтөрүүнү сунушташкан.
2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, бул өлкөгө иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар жугуштуу оорусу бар же жогуна, маңзат жана психотроптук каражат колдонобу-жокпу деп текшерилет.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу максатында уюшулган.
Россиядан 1 миллиондон ашуун кыргызстандыктар эмгектенет. Улуттук банктын маалыматында 2021-жылы Россиядан которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Оставьте первый комментарий