Ошто 34 жылдан бери турган учак алына баштады
Ош шаарындагы Алишер Навои эс алуу багынын кире беришинде турган тарыхый учак кечээ, 16-февралда алына баштады. Ал болжолдуу 1988-жылы Ошко алынып келинип, паркка орнотулганына дээрлик 34 жыл болгон.

Учактын эмне себептен алынып жатканы белгисиз. Ош мэриясынын маалыматында ал 1989-жылдан бери жеке мекчикте турат. Ал эми, самолет жайгашкан Навои эс алуу багы да ижарада. Мындан улам, жергиликтүү бийлик тарыхый учактын ордуна эмне салынышынан кабары жок. Самолеттун ээлери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Учурда, көпчүлүк тургундардын жаштыгын эске салган самолёттун алынып жатканына нааразылар бар. Биз төмөндө учактын бузула баштагандагы азыркы көрүнүшүн сүрөткө түшүргөнбүз.
Учактын тарыхы

Бул учак Як-40 деп аталат. Ал 1969-жылы жасалган. Быйыл чыкканына 53 жыл, Ошко келгенине 34 жыл болду. 1979-жылы "Казакфильмдин" «Ыргытуу же бардыгы ишембиде башталды» аттуу киносунда да колдонулган.

Алгач учак паркка алынып келингенден кийин анын салонунда кинотеатр, андан соң видео көргөзмө залы ачылган. Ага учактын кире беришиндеги азыркыга чейин сакталып турган сүрөттөр далил. Кийинчерээк фотостудияга айланган.