www.t-media.kg
Боор оорулары: өмүр менен өлүм ортосундагы күрөш
Учурда гепатит В илдетинен жабыр тартып, бооруна операция жасатуу үчүн акча сурап коомчулукка кайрылгандар көп. Операцияга эң азы 35 миң АКШ доллары талап кылынат. Оор операция Кыргызстанда жасалбагандыктан Индия, Түркия, Кытай, Германия сыяктуу өлкөлөргө барууга аргасыз. Мындай чоң суммадагы каражат көпчүлүктүн капчыгына туура келбейт. Ортодо "өмүрдү" же "өлүмдү" тандоо жаралат.
Уул өстүрүп, үй-бүлөсүн жана картайган энесин багуу учуруна келгенде минтип оор дартка кабылган 40 жаштагы Мелис Умаралиевдин жашоого үмүтү чоң. Турмуш түйшүгүнүн камын ойлоп, Орусияга үй-жай үчүн акча иштегени кеткен каарманыбыз, тилекке каршы оорунун айынан кайра Кыргызстанга кайтып келген. Орусияда оорусу күчөп, дарыгерлер ага боор циррозунун акыркы этабы экенин айтып диагноз коюшкан. Боорго операция биздин өлкөдө жасалбайт. Алыскы Индияга барып, боор алмаштыруу үчүн 40 миң АКШ доллары талап кылынат. Бир бөлмөлүү батирде ижарада турган үй-бүлөгө мындай сумманы табуу оор. Учурда төшөктө жатып, ичине суу толуп, дем алуусу да кыйын болууда. Умуралиевдин акыркы үмүтү кайрымдуу калайык калкта.
Мелис Умаралиев
Ош шаарынын тургуну
Дарыгерлер бул оорунун азыркы учурда глобалдуу көйгөйгө айланганын айтышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун эсептөөлөрүнө ылайык, жыл сайын боор циррозунан дүйнө жүзүндө 40 млн адам көз жумат. КМШ өлкөлөрүндө бул калктын 1%ын түзөт. Ал эми Кыргызстанда көрсөткүч жылдан-жылга өсүп баратат.
Гепатит деген эмне?
Вирустук гепатит - бул боордун оор формадагы сезгениши, жабыркашы. Ал көпчүлүк учурда энеден балага, кан аркылуу, жыныстык катнаштан бөлүнгөн суюктук аркылуу жана ийне сайдырган, наркотик колдонгон учурда шприц аркылуу жугат.
Оорунун баштапкы белгилери кантип билинет?
Оорунун алгачкы симптомдору оңойлук менен байкалбайт. Эгер билинсе, алар: көңүл айлануу, дененин жана көздүн саргайышы, заранын саргыч түскө боелушу, ичтин оорусу, алсыздык сыяктуу белгилер пайда болот. Боор циррозуна кабылгана адамдын ички кан тамырлары кысылып, жабылып калат. Мындай шартта адамдын ич көңдөйүнө суу толуп, шишип кетет. Эгерде өз убагында дарыгерге кайрылбаса, дем алуу органдары, ашказан, ички органдар жабыр тартып, боор толук иштен чыгышы мүмкүн.
Дарыгерлерди түйшөлткөн маселе - жарандардын көңүлкош мамилеси. Эмдөөгө чакырыктар болуп, акысыз эмдөө жүргөн кезде да элдин кайдыгер мамилеси оорунун дагы да жайылуусуна түрткү болууда. Гепатолог Жоомарт Сатыбалдиевдин айтымында, ооруган адамдарды дарылаганга караганда, ооруну болтурбоо үчүн профилактика жасоо, эмдөө маанилүү. Анткени, оорудан кийин боорун алмаштырган жарандар толук айыгып кетет деген ишенич жок. Вакцина алуу ооруну болтурбоодогу эң маанилүү ролду ойнойт дейт дарыгер.
Жоомарт Сатыбалдиев, гепатолог:
- Биздин элдин аң сезими уктап жатат. Элибизге фейсбуктагы саясат, уруш-талаш, «атты, сойду» деген маалыматтар эле кызык. Ушак-айыңдан арыла албай калдык. Өзүнүн ден соолугуна пайдалуу маалыматтарды албайт. Социалдык тармактардан, массалык маалымат каражаттарынан улам эле айтып жатабыз. Диагноз коюу үчүн өлкөдө техникалык каражаттар жетиштүү. «Текшерилгиле!» деп эле какшайбыз. Жарандардын кайдыгерлиги өкүндүрөт.
Боор алмашылгандан кийин ден соолук мурдагы калыбына келеби?
Чет өлкөгө барып операция жасап келгендердин арасында Милан Садыкжан уулу да бар. Анын боорун тезинен алмаштыруу зарылчылыгы жаралып, кайдыгер эмес жарандардын колдоосу менен 2018-жылы Индия мамлекетине барып ийгиликтүү операция жасатып келген. Бирок андан бери 4 жыл убакыт өтсө да жашоосу мурдагы калыбына түшпөй келет. Кез-кези менен дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, дары-дармегин калтырбай ичип турат.
- Приступ менен ооруканага түшүп калгам. Ал кезде чынында аябай оор болгон. Ичимде суу толду. Бир кыйла азаптарды көргөнүмдөн кийин дарыгерлер боорумду алмаштыруу керек экендигин айтышты. Мен кыргыз элине, мекендештерге айтат элем, бул оорудан оолак болуу үчүн бир эле эмдөө жолу бар, ошону алсаңыздар дейт элем.
Милан Садыкжан уулу
Баткен шаарынын тургуну
Цирроз менен ооругандар тамактан тыйылуусу зарыл
Диета - боор циррозунан келип чыккан кыйынчылыктарды алдын алуу, оорунун андан ары өрчүшүн токтотууга жана боорду калыбына келтирүүгө жардам берет. Боор оорусуна кабылган бейтаптарга катуу көзөмөлдөгү диета сунушталат. Себеби, ооруган адамдын организминде белоктун, витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги жаралат. Бейтап белокко бай тамак-ашты рационунда көп колдонушу абзел.
Кыргыз медицинасынын күчү жетеби?
Медицина боюнча адис Бермет Барктабасова учурда кыргыз медицинасы алсыз абалда турганын айтат. Эскирген техникалар, сапатсыз дары-дармектер оорунун алдын алып, айыгып кетүү пайызын азайтат. Учурда оор операцияны башынан өткөрүп келген жарандардын өлкөдө дарылануусуна шарт жок. Мамлекет тарабынан берилген дарынын сапатсыздыгынан бейтаптар мыйзамсыз соода жүгүрткөн тараптардан алышат дейт адис.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзүнүн Фейсбук социалдык баракчасына Кыргызстанда тезинен боор, бөйрөк ооруларына операция жасоону колго алыш керек экендигин айтып, билдирүү таратты. Бекешов белгилегендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 7%ы гемодиализге жумшалып, көп суммадагы акча каражаты коротулуп жатат.
-Бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасап, бул үчүн акча бөлүүгө мезгил жетти. Биринчиден, мен саламаттыкты сактоого социалдык кредит берүүнү киргизүүнү сунуштайм. Насыя узак мөөнөттүү жана пайыздык төлөмү төмөн болушу керек. Бул акча тубуу үчүн эмес, бирок каражат кайтарылып берилиши керек. Жылына 300 операция = 510 миллион сом, бирок бул ММК фондунун гемодиализ бюджетин 210 миллион сомго (700 000 *300) кыскартат. Жетим балдар жана социалдык жактан аярлуу топтор үчүн кредиттердин ордуна операцияларды субсидиялоо механизмдерин колго алса болот. Ошентип, биз жарандарга толук кандуу жашоого шарт түзүп, майыптыгы боюнча жөлөкпул алуучулардын санын азайтабыз.

Дастан Бекешов
ЖКнын депутаты
Учурда кыргыз медицинасы бир гана техникалык, препараттык жактан аксабай, дасыккан адистерге да муктаж болуп турат. Вирустук гепатиттердин жайылуусуна да медицинанын тиешеси бар экенин Бермет Барктабасова айтты.
"Көпчүлүк ооруну жуктургандар, медициналык кызмат алып жаткан учурунда болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Мисалы тиш дарылоо, ийне сайдырган көрүнүштөрдө, тазаланбаган медициналык шаймандарды колдонгон учурларда. Бул жумушуна шалаакылык мамиле кылгандыктан келип чыгууда."-дейт адис.
Боор которуп келген бейтаптарды кароо, дарылоо боюнча бир дагы Кыргызстанда адистик жок. Анын айынан оор даражадагы операциялар өлкөдө жасалбайт. Бул боюнча квалификациядан өтүү көп каражатты талап кылат. Мамлекет тарабынан дарыгерлердин билимин өркүндөтүп келүүсүнө жеңилдиктер каралган эмес. Кесипкөй дарыгерлерди даярдоону мамлекет да колго алса болоор эле дейт гепатолог дарыгер Жоомарт Сатыбалдиев.
-Кошуна Өзбекстанда дарыгерлерге өзгөчө көңүл бурулат. Өкмөттөн атайын дарыгерлер үчүн квота берилип, жылына Европага, Туркияга окутууларга жиберет. Бизде анын баары бул жакта турсун, Орусияга өзүбүздүн акчабызга барып билим жогорулатып келебиз. Кыргызстанда аябай акчасы көп, миллиондогон акчалары бар байлар бар. Ошондой акчасы көп адамдар бизге окшогон дарыгерлерге жардам берсе дейт элем. Анткени ушул учурда Кыргызстан дасыккан дарыгерлерге муктаж болууда.
В гепатитин 1964-жылы америкалык дарыгер жана вирусолог Барух Сэмюэл Блумберг австралиялык аборигендердин кан үлгүлөрүн изилдеп жатып ачкан. Ал кийин 1976-жылы гепатит В боюнча изилдөөсү үчүн Нобель сыйлыгын алган.
Автор:
Улукбек Сали уулу