
Казакстандагы январь окуяларына катышкан деген шек менен 28-январда дагы бир кыргызстандык кармалган. Ал учурда Тараз шаарындагы тергөө абагында кармалып турат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
«Ал жакка барып жолугуп келдик. 22 жаштагы жигит. Денесинде кыйноолор байкалбады, денесиндеги көгөргөндөрү кетип калган. Айтымына караганда 6-январда ага достору жол кырсыгына кабылганын айтып телефон чалышкан. Аларга борбордук аянтка жакын жерден өтүп бара жатып колуна ок тийип, ооруканага жатып калган. 14-январга чейин ал жергиликтүү ооруканада жаткан. Кийин полиция алып кеткен. Болжол менен саат 00:00дө кайра коё беришкен. Бирок, коменданттык саат болгондуктан ал кайра кармалып, беш күн бою камакта жаткан. Үйүнө баргандан кийин өзү кабылган окуяны, кыйноону айтып укук коргоочуларга кайрылган эмес. 28-январга чейин үйүндө жаткан. Бирок эмгек мигранттарынын жашаган жерлерин тинтүү учурунда алардын бөлмөсүнөн төрт ок табылган. Кармалган бала менен анын энеси окту алар өздөрү атайын таштап коюшканын айтышууда. Биз баланы көрдүк, ал андай жолго бара тургандарга окшобойт. Баланын күнөөсү жок экени көрүнүп эле турат», — дейт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков.
Директор кошумчалагандай, бул иш боюнча Кыйноолорду алдын алуу борбору менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнөн турган делегация Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолуккан. Ошондой эле коңшу өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, тергөө комитеттеринин, шаардык прокурорлордун орун басарлары менен жолугушуп январдагы башаламандыктарга кыргызстандыктардын тиешеси жок экенин айтышкан.
Казакстандагы январь окуяларында расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 6 жараны кармалган. Алардын арасында музыкант Викрам Рузахунов дагы бар. Алардын бешөө 13-15-январларда бошотулган. Бир жаран токмоктолуп, өтө оор абалда Бишкектеги Травматология борборуна алып келинген.
Оставьте первый комментарий