
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 18-февралга карата 8 млрд. 470, 44 куб метрди түздү. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч.
«Электр станциялары» ишканасынын маалыматы боюнча, суу сактагычка секундасына 152 куб метр суу агып кирсе, андан 562 куб метр суу агып чыгууда.
2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген. Ноябрдын соңунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр кубатын пайдалануу өсө турганы эске алганда 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд куб метрге чейин азая турганын айткан. Андан дагы төмөндөсө ГЭС иштебей калышы ыктымал.
Өлкөдө электр кубатын пайдаланууна чектөө киргизилип, абоненттер арасында рейддер жүргүзүлүүдө. Улуттук энергохолдинг маал-маалы менен жашоочуларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет.
Оставьте первый комментарий