
Мамлекеттик салык кызматы ири өлчөмдө салыктан карызы барлардын тизмесин жарыялады. Мекеменин маалыматына караганда, жалпы карыздын өлчөмү 1,6 млрд сомдон ашат.
Ири өлчөмдө карызы барлардын арасында «Бишкек машина куруучу заводу», «Бишкек штамптоочу заводу жана «БМД Премиум» ЖЧКсы бар.
Ири карызы барлардын тизмесинде "Олимпиадалык резервдер спорттук мектеби" да кирген. Мекеме мамлекетке — 4 млн 946 миң 9 сом карыз. "Чолпон-Ата" эс алуу үйү — 4 млн 541 миң 9 сом), "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" — 2 млн 794 миң сом,"Чолпон" фабрикасы — 1 млн 341 миң сом, "Мамлекеттик менчиктин улутташтырылган объектилерин башкаруу жана тескөө боюнча мекемеси" — 1 млн 425,1 миң сом.
Карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмесин Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот.
Оставьте первый комментарий