Күн ачык болот. 20-февралга карата аба ырайы

Бүгүн, 20-февралда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12, Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11 градус болот. Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градуска жетет. Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градусту түзөт. Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10 болору айтылды.

Борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 9…11 градус жылыйт.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*