Коронавирустан эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

20-февралга карата Кыргызстанда коронавирус 35 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 15 киши. Мындан тышкары Чүй облусунда жети, Ысык-Көлдө алты жана Ош облусунда бир учур катталды. Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар жок.

Соңку суткада вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миң 322 кишиге жетти, 2944 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*