Жалал-Абадда көчкү алдында калгандарды издөөгө кошумча күчтөр тартылды

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунда эки жолу кар көчкү алдында калган төрт кишинин дайыны дагы эле чыкпай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерине кошумча күчтөр тартылганын 20-февралда кабарлады.

Бүгүн унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабын изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу үчүн дагы 53 куткаруучу тартылды.

14-февраль күнү болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдүү унаа жолунун 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, «Пикап» унаасын басып калган. Дагы бир «Пикап» унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).

Ушул эле күнү саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдүү автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшкөн жерде үч адам дайынсыз болуп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү «Нива» машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*