Баткенде айрым ишкерлер үчүн салык эки эсе кыскарды

Баткен облусундагы бир катар ишкерлер жана жарандар үчүн салык эки эсеге кыскарып, 10%дан 5%га чейин азайды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы 21-февралда билдирди. 

Жеңилдиктер, өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу пункттарына жана Баткендин бардык аймактарына эки багыт менен берилет. 

Биринчи багыт боюнча Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган жана иш жүргүзгөндөргө төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:

  • салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгынын ставкасы 5% болот;
  • пайда салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат;
  • жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

Экинчи багытка ылайык, Баткендеги салык органдарында катталган жана өнөр жай ишинин жеңилдиктер берилген түрлөрү менен иштеген салык төлөөчүлөргө инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Алардын Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү буга кирбейт.

Өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө:

  • инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
  • жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
  • электр энергетикасы;
  • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
  • жыйноо өндүрүшү;
  • ар кандай экспортко багытталган өндүрүш кирет.

Ошондой эле, былтыр 28 — 30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыр тарткан субъекттердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылат. Мындай жеңилдик мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине киргизилгендерге каралган. 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*