
«Казакстан 30 өлкөнүн эмдөө тууралуу паспортун тааныды». Дал ушундай баштема менен казакстандык 24.kz басылмасы 11-февралда макала жарыялады. Анда казак бийлиги коронавируска каршы эмдөө боюнча 30 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын дагы сертификатын тааныганы айтылат.

«Т-Медиа» бул маалыматты текшерип көрдү.
11-февралда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына башкы санитардык дарыгердин милдетин аткаруучу Айжан Есмагамбетова кол койгон документ жарыяланган. Анда 2021-жылдын 26-октябрында кол коюлган токтомго өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу сөз болот. Тизмеде Кыргызстан дагы бар. Өлкө коронавируска каршы эмделген Казакстан жарандарынын сертификатын да тааныйт.
Казакстан эмдөө боюнча сертификат, паспортторун тааныган өлкөлөрдүн тизмесине Аргентина, Белиз, Боливия, Улуу Британия, Венгрия, Грузия, Индонезия, Иран, Иордания, Канада, Кыргызстан, Мальдив, Монголия, Армения, Беларусь, Молдова, Перу, Сан-Марино, Сербия, Тунис, Индия, Филиппин, Таиланд, Түркия, Черногория, Чехия, Шри-Ланка, Эквадор, Эстония жана Япония кирген.
Жыйынтык: Казакстан коронавируска каршы эмдөө боюнча 30 мамлекеттин сертификатын тааныганы чын.
Кыргызстандын эмдөө паспортун кайсы өлкөлөр тааныйт?
11-феврлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан өлкөгө киргенде ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылбай турган болду. Мындай чечим 10-февралда коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинде кабыл алынган. Андагы маалыматка таянсак, мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова бул чечим тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан дагы бир сыйра каралып жатканын«Т-Медиага» билдирди. Анын айтымында, азырынча Кыргызстан 41 өлкөнүн коронавируска каршы эмдөө сертификатын таанып жатат.
«Бул маселени жалгыз Саламаттык сактоо министрлиги гана чечпейт. Чек ара Кызматы, Тышкы иштер министрлиги жана башка тиешелүү органдар карап жатат. Бир-эки күндө жыйынтыгы белгилүү болот. Негизи 2021-жылдан бери беш мамлекеттик органдар ортосунда түзүлгөн алгоритм боюнча иштеп жатабыз. Буга чейинки бекитилген алгоритмдин негизинде Кыргызстанга чет мамлекеттен келген жарандар 72 сааттын ичиндеги ПЧР-анализинин терс жыйынтыгы менен келиши керек. Эгер, эмдөөдөн өткөн сертификаттары болсо анда ПЧР-тест тапшырбайт», -деди ал.
Министрлик кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстандын эмдөө боюнча сертификатын 13 өлкө тааныйт. Алар: Индия, Ирак, Түркмөнстан, Түркия, Грузия, Казакстан, Армения, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Парагвай, Нигерия, Сауд Арабия өлкөлөрү. Демек, Кыргызстандан сырткары учуп кеткен жарандар ушул өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз кире алышат.
Жыйынтык: Кыргызстандын эмдөө тууралуу сертификатын бүгүнкү күндө 13 өлкө тааныйт.
Оставьте первый комментарий