
Ош шаардык мэриясынын ипотекалык үйлөрүн алууда жарандарга насыяны төлөө жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу T-Медианын «Коомдук пикир» берүүсүндө муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Кутманалы Абдрахман уулу билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин мэриянын ипотекалык үйүн алуу үчүн жаран аны төлөө мүмкүнчүлүгүнө эмгек акысы өңдүү официалдуу кирешелерин гана көрсөтчү. Эми үй-бүлөдө канча адам болсо алардын баарынын кирешесин кошсо болот. Ошондой эле калаа тургундары айыл чарба, анын ичинде малдан, жерден түшкөн кирешени кошо алат.
«10-февралда шаардык кеңеште эмгек акыны гана эмес, жалпы кирешелди көрсөтө алат деп чечим кабыл алынды. Эми жарандар аракет кылса, бардык кирешелерин легалдаштырууга мүмкүндүк болот. Айылдагы кирешелерди да менчик ээсине алмаштырса болот. Эгер, ипотекага кезекке тургандар айылдан келген жаш жубайлар болсо, ата-энелер биринчи төлөөнү уюштуруп берсе болот. Алардын төлөөгө жардам бериши менен эгер алгач 50% төлөсө, үстөк пайызды 20%га түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул дегени жылына үстөк пайыз 2% болот дегенди түшүндүрөт» — деди Абдрахман уулу.
Айыл чарба кирешеси менен төлөө мүмкүнчүлүгүн көтөрүү үчүн каттоону өзгөртүү керек болот.
Ипотекалык үйдү алуу үчүн кандай талаптар бар?
- Ипотекалык үйгө кезекке турган жарандын Ош шаарында беш жылдан кем болбогон каттоосу болушу керек;
- Жарандын турак-жай куруу үчүн жер тилкеси болсо, ага батир берилбейт;
- Батир алган жаран 65 жашка толгонго чейин ипотекалык насыяны толук төлөп кутулууга милдеттүү. Демек 56-65 жаштагы жарандар ипотекалык үйдү ала албайт.
10-февралда мэриянын ипотекалык үйлөрүн бөлүштүрүүнүн тартиби өзгөрүп, насыяны төлөө мөөнөтү 12 жылдан 10 жылга түшүрүлгөн. Биринчи төлөм он пайыздан 20%га көтөрүлдү.
Өлкөдө мэриянын арзандатылган ипотекалык үйлөрүн куруу демилгеси Ошто гана уюштурулган. Алгач мэрия 2010-жылдагы коогалаңда жабыр тарткандарга берилген үйлөрдөн артып калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга саткан. Мындан түшкөн акчага ипотекалык ишкана түзүп, ошол акчага үй сала баштаган.
Бул жолу Ош мэриясынын муниципалдык ипотекага салган 90 батирлүү экинчи үйү сатылганы жатат. Ага 2015-жылдан бери 1800дөн ашык жаран каттоого турган. Алардын ичинен үй биринчи кезекте: Жетим балдар, ардагерлер, майыптыгы барлар жана көп балалууларга берилет. Тизмеде мындай 144 жарандын арызы бар.
Көп кабаттуу үйдүн биринчи кабаты поликлиника болот. Ал эми кийинки көп кабаттуу үй Көкүм-Бий көчөсүнө 45 батирлүү болуп курулуп, бүтүү алдында турат.
Оставьте первый комментарий