Ошто мекенди коргоочулардын майрамы белгиленди
Ошто бүгүн, 22-февралда Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата аскер кызматкерлерине арналган иш-чара өттү. Майрамдык салтанатка жалпы куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы чакырылган.



Иш-чарада мыкты кызмат көрсөткөндүгү үчүн коргоочулар ардак громаталар менен сыйланды. Ошондой эле, атайын офицерлер үйү тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.


Майрамга карата Ош драм театрында аскердик буюмдардын, курал жарактардын көргөзмөсү уюштурулган.

Көргөзмөдө, аскерлердин ишмердиги, колдонгон буюмдары чагылдырылды.


23-февраль совет мезгилинде "Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү" катары белгиленген. Советтер союзу ыдырагандан кийин Кыргызстан бул күндү майрамдабай калган эле. Кийин эгемендикти алгандан кийин 2003-жылдан тарта "Ата Мекенди коргоочулар күнү" болду.



Авторлор: Айдана Осмонова, Алина Шаймердин кызы