«Т-Медианын» кеңсесин «өрттөп кетем» деген жаранды милиция үч күндөн бери таппай жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери телеканалдын арызы боюнча ишти создуктуруп жатат. Ал арада биздин журналисттерге анын жашаган жери белгилүү болуп калды. Арыз жазылганына үч күн болгонуна карабай милиция эч кандай маалымат бере элек. Ушул тапта телеканалдын кызматкерлери кооптуу абалда иштешүүдө.

Эмне болгон эле?

«Т-Медиага» коркутуу тууралуу чалуу 19-февралда саат 15:06 чамаларында болгон. Анда белгисиз эркек киши иш телефонго байланышып, алгач  редакцияда мурда иштеп кеткен жана азыркы жетекчиликтердин аты-жөнүн сурап баштаган. Кызматкер эмне иш боюнча чалып жатканын жана өзүн тааныштыруусун сураган учурда «Мен силердин баарыңарды билем. Силер жакшы телеканал эмессиңер. Офисиңерди өрттөп кетем» деп жооп берип телефонду коюп салган.

Андан соң, 19-февраль саат 17:00 чамаларында биздин кызматкерлер Ош шаардык милициясына арыз жазган. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Редакция арызды кабыл алган тергөөчүлөр менен кечээ, бүгүн, 22-февралда экинчи жолу байланышты.  Тергөөчү бул иш 10-20 күнгө же 1 айга чейин созулушу мүмкүндүгүн айтып, кайра-кайра байланыша бербөөнү эскертти.

Чалуу болгондон бери үч күндүн аралыгында номер тиешелүү уюлдук операторлордо катталганына,  сүйлөшүүлөрдүн баары жазылганына карабастан ал адамды таап, суракка алуу жана башка тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатат. Мындай аракетсиздик «кеңсени өрттөп кетем» деген аракетин күтүүгө барабардай сезилүүдө. Белгисиз адамдын өздүгү аныкталбай жатканы «Т-Медиа» редакциясында иштеген ар бир кызматкердин кеңседе болгон кезде өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жаратууда.

Редакция белгисиз кишинин дарегин билди

«Т-Медианын» журналисттери өз алдынча коркуткан адамды издеп көрдү. «Өрттөп кетем»  деген белгисиз кишинин телефон номерин Getcontact тиркемесинде төмөнкүдөй ат менен сакталган. Ошондой эле бизге ал адамдын кайсы облустан, райондон жана айылдан экени да белгилүү болуп калды. Бирок биз өз алдыбызча дарегин билген адамды милиция таба албай жатканы түшүнүксүз болууда.

 

Андыктан биздин редакция бул ишти тездетүү жана коопсуздугубузду камсыздап берүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына кат жөнөттү. Ошондой эле ыкчам иштерди камсыздап берүү үчүн шаардык прокуратурага да кайрылды.  

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*