
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Чечимге ылайык ЕАЭБ өлкөлөрүнө убактылуу 6 ай жер семирткичтер экспорттолбойт.
Бул чектөө жазгы-талаа жумуштары башталганда, айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен толук көлөмдө камсыздоо үчүн киргизилген.
Оставьте первый комментарий