Зеленский Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жар салды

Орусиянын аскери басып киргенден кийин Украина Россия менен дипломатиялык мамилесин үздү деп билдирди президент Зеленский. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазып чыкты. 

«Бул таң тарыхта калды, бирок ал биздин өлкө жана Орусия үчүн эки башка. Биз алар менен дипломатиялык мамилелерди үздүк. Москвада эмне деп гана ойлошпосун, Украина коргонууда жана өзүнүн эркиндигин бербейт», -деди Зеленский бейшембидеги брифингде.

Шейшембиде украин президенти өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен Орусия менен дипломатиялык мамилени үзүү боюнча өтүнүч алганын жарыялаган. 

Украинадагы абалдын курчушу

22-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Москва «Донецк элдик республикасы» (ДЭР) жана «Луганск элдик республикасы» (ЛЭР) деп аталган жикчил аймактарды тааныганын жарыялап, бул аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген. БУУнун баш катчысы жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын мындай кадамдарын сынга алышкан.

22-февралда Орусиянын Федерациялар кеңеши Донбасстагы окуяларга байланыштуу Владимир Путинге орус армиясын чет өлкөлөрдө колдонууга уруксат берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырган.

Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырган. Дал ошол маалда украин журналисттери Киев, Харьков, Одесса, Краматорск, Бердянск жана башка шаарларда жардыруулар башталып, ракета колдонулуп жатканын кабарлашты. Күбөлөр Донбасста ири ок атуу болгонун, Украинанын бардык аймактарында аскердик объектилер чабуулга кабылып жатканын билдиришүүдө.

Украина президенти Владимир Зеленский өлкө аймагына аскердик абал киргизди. Ал Орусия украин аскерлерине жана чек ара инфраструктураларына сокку урганын тастыктады. Ошондой эле ал дүйнө лидерлерин антипутиндик коалиция түзүүгө чакырды.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*