Жол четине койбоңуз. Ошто жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды

Сүрөт Ош мэриясынын "Фейсбук" баракчасынан алынды

Ош шаарында ишкерлер тарабынан жүк ташуучу унааларды токтотуучу атайын жай ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Демилге шаарда ар кайсы жерде жүк ташуучу унаалар турбашы үчүн, тазалыкты жана шаардын имиджин сактоо максатында уюштурулган. Аны мэриянын демилгеси менен ишкерлер ишке ашырды.

Аталган унаа токтотуучу жай акысыз болот. Ал шаардын Мамыров көчөсүндөгү эски унаа базарында жайгашкан. Коюлган унаалардын коопсуздугу үчүн атайын жайга видеокөзөмөл да орнотулду.

Мэрия айдоочуларга бул унаа токтотуучу жайдын кызматынан пайдаланып, унааларды туш келди токтотпоону суранган.

Буга чейин калаанын ар кайсы кичи райондорунда жүк ташуучу унаалар жол жээгине токтотулуп келген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*