Жалган маалымат тууралуу мыйзам соцтармактарга да иштейби? Текшеребиз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернетте фейк маалымат тараткандарды жазалоо жобосун иштеп чыкты. Ал былтыр чуу менен кабыл алынган «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде даярдалган. Жобо министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Ал арада социалдык тармактарда «Сайтты эки айга жаап салат» деген маалыматтар тарап, талкууга алынууда.

Маалыматта спутник сайтына шилтеме берилген. Анда «Бул документ менен сайтты же ал сайттын соцтармактагы баракчасы аркылуу адамдын ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды тараткандарга колдонулчу чаралар жол-жоболоштурулган. Ошондой эле даттанууларды кабыл алуу тартиби бекитилген. Белгилей кетсек, мында соцтармак колдонуучулары тууралуу жазылган эмес», — деп айтылган.

Биздин редакция анык эмес маалымат боюнча мыйзамга даярдалган жобону карап көрдү.

Жобого ылайык, кайрылуу, арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл ала турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле кадыр-баркына, беделине шек келди деген адам биринчи сайттын ээсине же анын баракчасына чыккан маалыматты өчүрүү талабы менен кайрылышы керектиги айтылган. Эгерде ал 24 сааттын ичинде аткарылбаса, сайтты убактылуу жабуу тууралуу өтүнүч берилет жана анын негизинде соттун чечими жок эле сайт эки айга жабылат. Порталдын ээси жаңы сайт да, социалдык тармакта анын башка баракчасын да ача албайт.

Ал эми сайттарды жана алардын баракчаларын интернет провайдерлер аркылуу жабуу сунушталууда. Бирок көзөмөлдөөчү маалыматтын чын же калп экенин аныктап берчү орган жок. 

«Учурда муну ким аныкташ керек, ким жабыш керек деген суроо көп жаралып жатат. Толук жобонун долбоору даярдалган. Коомдук талкууга чыккан. Жалган экендигин аныктай турган атайын бир топ же укуктуу өкүлбү, органбы түзүлүш керек болуп жатат. Азыр бизде бир гана сот аныктайт да. Башка бир органдын калп же чын экендигин баалоочу укугу жок. Мындай бизде биринчи жолу болуп жатпайбы. Негизи бул июлда кабыл алынган. Августта кол коюлган. 3 ай мөөнөттөн кийин 27-декабрда министрлер кабинетинен тартиби бекетилиш керек болчу. Бекитилбей жатканына кандайдыр бир себеп болушу мүмкүн», — деп билдирди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов.

Ал ошондой эле жобо бир гана интернет сайттар менен алардын баракчаларына эмес, баардык интернет колдонуучуларга да тиешелүү экенин айтууда. 

«Бул долбоор. Ага дагы алымча кошумчалар болот. Жободо азыр соц тармак колдонуучулары деген жок. Бирок, жалпы айтканда жеке колдонуучулар үчүн да иштейт», — дейт ал.

2021-жылдын 28-июлунда аталган мыйзамды ЖК депутаттары колдоп, ал эми 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда ЖМК же социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укугу бар болчу. Ошондой эле интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта ала турганы айтылган болчу.

Бирок аталган мыйзамда көрсөтүлгөнү менен Маданият министрлиги сунуштаган жободо жеке соцтармак колдонуучулары тууралуу сөз жок.

Жыйынтык: Мыйзамда көрсөтүлгөнү менен коомдук талкууга чыккан жободо соцтармак колдонуучулары жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*