АКШ Путин, Лавров, Шойгу жана Герасимовго санкция салды

Сүрөт/rt.com

АКШнын Каржы министрлиги Украинага байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Санкциянын тизмесине Орусиянын президенти Владимир Путин кирди. Мындан тышкары ал өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровго, коргоо министри Сергей Шойгуга жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго да санкциялар киргизилген. Анын алкагында алардын активдерин жаап, Америка Кошмо Штаттарына кирүүсүнө чектөө коюлат. 

Буга чейин Евробиримдик Путин менен Лавровго да санкция киргизген. Мындай чарага Москванын Украинага кол салганы себеп болду.

Евробиримдик ошондой эле Орусиянын Коопсуздук кеңешинин орун басары, экс-президент Дмитрий Медведев, премьер-министр Михаил Мишустин, ички иштер министри Владимир Колокольцев жана президенттин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын өкүлү Сергей Ивановго да санкция киргизген.

Мындан тышкары Орусиянын каржы тармагына кошумча чектөөлөр киргизилип, мунай иштетүүчү, учак жана учак жабдууларын Орусияга экспорттоого тыюу салынып, орусиялык ири комплекстердин ишмердүүлүгү токтотулду. Кошумчалай кетсек, бир катар категорияларга кирген орусиялык жарандарга жеңилдетилген шарттарда виза берилбейт. Бирок Орусиянын жарандарына виза берүүгө тыюу салынган эмес.

Улуу Британия менен Канада да Путинге санкция салды. 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*