
Соңку бир суткада (26-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 31 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 15 киши.
- Чүй облусу – 11
- Ысык-Көл облусу – 5
- Ош облусу — 3
- Жалал-Абад облусу – 2
Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миң 458 кишиге жетти, 2954 адам каза болуп, 194 миңден көп киши сакайып чыкты.
3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.
Оставьте первый комментарий